Өзгөчө кырдаалдар министри Өзгөндөгү кайгылуу окуяга байланыштуу кайрылуу жасады

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов Өзгөндөгү өрт кырсыгынын кесепетинен чарчап калган төрт наристенин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

-Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында өрт кырсыгынан төрт наристенин чарчап калганы тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Бул окуя баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп, чоң өкүнүч жаратты. Маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мындай оор жоготууну сөз менен жеңилдетүү мүмкүн эмес. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп, сабыр тилейбиз,-деди министр.

Буга чейин мындай кайгылуу окуялар болгондугу эске салынды.

-Тилекке каршы, мындай кайгылуу окуялар буга чейин да катталган. Өткөн жылы Ош шаарында өрт кырсыгынан 34 жаштагы эне беш баласы менен кошо каза болгону, Бишкекте карылар үйүнөн чыккан өрттөн эки адамдын өмүрү кыйылганы да терең кайгыга салган эле. Мына ушуга окшогон бир топ фактылар өрт коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылуунун кандай оор кесепеттерге алып келерин дагы бир жолу эскертип турат.

Электр жабдууларын туура пайдалануу, бузук же кооптуу зымдарды колдонбоо жана үйдөгү өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу — ар бирибиздин милдетибиз. Өрт кайдыгерлик мамилени кечирбей турганын турмуш көрсөтүүдө.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарды өрт коопсуздугун жана электр энергиясын колдонуу эрежелерин так сактоого чакырат. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын коопсуздугуна жоопкерчилик менен карайлы!-деп айтылат кайрылууда.  

Бүгүн, 5-мартта, Ош облусунун Өзгөн районундагы үйдөн өрт чыгып, анвн кесепетинена төрт жаш бала көз жумду. ӨКМ Ош облустук бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, өрт Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айлындагы үйдөн чыккан. 5-мартка караган түнү, саат 02:00дө Өзгөн райондук өрттөн сактоо бөлүмүнөн бир өрт өчүрүү бригадасы, андан кийин саат 02:24тө дагы бир бригада барган. Өрт саат 03:50 дө өчүрүлгөн.  

Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен 2018, 2020, 2021 жана 2023-жылы туулган төрт жаш бала каза болгон. Өрттүн себептери такталууда.

Сүрөт: ӨКМ Ош облустук бөлүмү

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты