Өзгөндөгү үйдөгү өрттүн кесепетинен төрт жаш бала көз жумду

Бүгүн, 5-мартта, Ош облусунун Өзгөн районундагы үйдөн өрт чыгып, анда төрт жаш бала көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош облустук бөлүмү кабарлады.

ӨКМ Ош облустук бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, өрт Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айлындагы үйдөн чыккан. 5-мартка караган түнү, саат 02:00дө Өзгөн райондук өрттөн сактоо бөлүмүнөн бир өрт өчүрүү бригада, андан кийин саат 02:24тө дагы бир бригада барган. Өрт саат 03:50 дө өчүрүлгөн.  

Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен 2018, 2020, 2021 жана 2023-жылы туулган төрт бала каза болгон. Өрттүн себептери такталууда.

Сүрөт: ӨКМ Ош облустук бөлүмү

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты