18-ноябрда: Өлкөдө жаан-чачын болбойт
- 3 часа мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, 18-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…+2, күндүз +13…+15.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




