20-ноябрдагы аба ырайы
- 24 секунды мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 20-ноябрда, өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +8…+13;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




