Чоң-Алай районунда жер титиреди

Бүгүн, 18-ноябрда, саат 06:46 да Улуттук Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун станциялары очогунда күчү 4.5 баллдын тегерегинде жер титирөөнү каттады.

КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажкистандын аймагында болгон. Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын 32 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 102 чакырым түштүк-чыгышта болгон.

Кыргыз Республикасынын калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү: Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет  булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты