Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди
- 2 месяца мурун
Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартип уставы жөнүндө” мыйзамы менен кабыл алынган Куралдуу Күчтөрдүн тартип уставынын 75-пунктунун “б” пунктчасына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Буга чейин социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 -аскер бөлүгүндө офицерлер тарабынан аскерлерге зомбулук көрсөтүү боюнча видео тараган. Андан көп өтпөй Аскер прокуратурасы бул иш боюнча кылмыш ишин козгогон.
Сүрөттө: Бообек Ажикеев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү