Аскерлерге зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду   

11-майда Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 138-беренсинин  1-пунктунун 3-бөлүгү жана 2-пунктунун 2-бөлүгүндөгү кылмыш белгилери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 86123 аскер бөлүгүнүн офицерлерине аскер аскер кызматчыларына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн кылмыш иши козголду.

Зомбулук көрсөтүү видео тасмасы социалдык тармактарга 11-майда жарыяланган.

Кылмыш ишин иликтөө Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына жүктөлдү.

Кылмыш ишин тез жана жеткиликтүү тергөө үчүн зомбулукка кабылган аскер кызматкерлери аскер прокуратурасына жеткирилди. Бишкек гарнизонунда алардын катышуусунда  тергөө иштери жүргүзүлүүдө.  

Сүрөт: Соцтармактагы видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты