Зер буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартиби бекитилди
- 2 месяца мурун
Министрлер Кабинети зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ президенттин “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына жана “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамынын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккандыгы айтылат.
Токтом менен зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 (эки) пайыз өлчөмүндөгү арзандатуу менен жүргүзүлөөрү белгиленди.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, зергердик жана башка буюмдарды, ошондой эле баалуу металлдардын жана асыл таштардын сыныктарын сатууга укуктуу.
Президент Садыр Жапаров зергерчилик жана тигүү тармагын, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган, “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт: зергерчилик тармагына бажы жана салык жеңилдиктерин берүү, зергердик буюмдардын калдыктарын эки ай ичинде легалдаштыруу, пробалык жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү жана айрым функцияларды өндүрүүчүлөргө өткөрүп берүү, зергерчилик өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды арзандатылган баада берүү, төлөмдү 180 күнгө жылдыруу, жеңилдетилген кредиттерди уюштуруу жана аэропорттордо пробалоо лабораторияларын түзүү каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




