Президент экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча Жарлыкка кол койду
- 6 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров зергерчилик жана тигүү тармагын, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган, “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине бир катар мыйзам долбоорлорун жана чечимдерди даярдоо тапшырылды.
Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- зергерчилик тармагына бажы жана салык жеңилдиктерин берүү;
- зергердик буюмдардын калдыктарын эки ай ичинде легалдаштыруу;
- пробалык жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү жана айрым функцияларды өндүрүүчүлөргө өткөрүп берүү;
- автоунааларды сатууда жеке жана юридикалык жактарга үч жылдык салыктык жеңилдик берүү;
- тигүү тармагы жана чакан-орто бизнес үчүн салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтуу;
- чет өлкөдө аткарылуучу иштерге жана эл аралык банктар аркылуу транзакцияларга 0,1%дык салык ставкасын киргизүү.
Мындан тышкары, зергерчилик өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды арзандатылган баада берүү, төлөмдү 180 күнгө жылдыруу, жеңилдетилген кредиттерди уюштуруу жана аэропорттордо пробалоо лабораторияларын түзүү каралган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Муну бөлүшүү




