Декларацияланбаган 15 кг ашык зер буюмдар аныкталды
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
Бириккен Араб Эмираттарынан жана Кытайдан келген чарбалык товарлардын эки партиясынан декларацияланбаган 15 кг ашык зер буюмдары табылды.
Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Мыйзам бузуулар Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан «Түндүк» темир жол бажысынын «Темир жол Бекети» бажылык тариздөө жайында бажылык кароо жүргүзүү учурунда аныкталды.
Дубайдан «Д.Э.» ЖЧКсынын дарегине келген жалпы салмагы 1 391 кг түзгөн чарбалык товарлардын партиясын бажылык текшерүүдө 925-пробадагы күмүштөн жасалган, жалпы салмагы 3,3 кг түзгөн зер буюмдары — шакек, сөйкө жана чынжырчалар табылган.
Ошондой эле Кытайдан «С.Г.ЛТД» ЖЧКсынын дарегине келген жалпы салмагы 13 050 кг түзгөн чарбалык товарлардын партиясын бажылык кароодо декларацияланбаган 12 кг 427 г зер буюмдары табылган. Эки учурда тең зер буюмдарын алуучу Г.К.Г. аттуу жаран экени аныкталган. Декларацияланбаган зер буюмдарынын жалпы салмагы 15 кг 727 граммды түздү.
Аныкталган фактылар боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 2 208 695 сомду түздү. Зыяндын орду толтурулду.
Сүрөт: Бажы кызматы




