Зеленский Украинанын энергетикалык тармагына чабуул болушу ыктымал экенин эскертти

  • 1 год мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү соккуну улантып, Украинанын энергетика системаларына “жаңы террордук чабуул” коюшу ыктымал экенин эскертти.

Зеленский жекшембидеги кайрылуусунда, өлкөнүн энергетикалык тармагы талкаланса, электр жарыгын берүүгө жаңы чектөөлөр кирерин эскертти.

Соңку айларда орус күчтөрү Украинанын энергетикалык жана жылуулук системасын бутага алууда. Эксперттердин пикиринде, Москва мындай жол менен карапайым калкты жарыксыз, жылуулуксуз, суусу жок калтырып, моралдык жактан кысым көрсөткүсү келет.

10-февралда Орусия Украинанын алты аймагындагы энергетикалык системага сокку урду. Өткөн аптада президент Зеленский Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.

Украинанын чыгышында Донбасс аймагында катуу салгылаш уланууда. Орус күчтөрү стратегиялык Бахмут шаарын ээлеш үчүн катуу чабуулун улантууда.

12-февралда “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Бахмутка чукул Красная Гора конушун “Вагнер” аскердик компаниясынын отряддары «чабуул коюп ээлеп алды” деген үнү жазылган кабар Телеграм каналына чыкты.

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Пригожиндин согушка чейин 600 тургун жашаган конушту басып алганын ырастай албайт.

Өткөн жылы 24-февралда Орусия Украинанын аймагына бир нече багыттан басып кирген. Былтыр күзүндө украин армиясы Донецк жана Луганск облустарынын райондорун бошоткон.

Сүрөттө: Украинанын чыгышында тургундарды эвакуациялоо. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты