Дүйнөдөгү эң ири Binance криптобиржасы хакер чабуулуна туш болуп, 6 млрд доллар чыгым тартты  

30-октябрга караган түнү хакерлер дүйнөдөгү эң ири  Binance криптобиржасын талкалап кирип, ар кыл маалыматтар боюнча, 1,7 миллиард доллардан 5,5 миллиард долларга чейин өздөрүнө ыйгарып алышы ыктымал. Ал эми акыркы маалыматтарда Binance компаниясы криптобиржа жоготуусу 6,3 млрд доллар болгонун билдирди.

Бул эң ири хакердик чабуул болуп калды. Криптобиржанын бардык транзакциялары токтотулду.

Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Binance компаниясы блокчейнде 3 млрд доллар сакталып калганын, колдонуучулардын акча каражаты кайтарып берилээрин билдирди. Ага карабастан криптобиржа инвесторлору криптавалютасын сатып  жатышат, биткоин 3,5 пайызга, эфир 4% пайызга түшүп кеткендиги жазылууда.  

Tether (USDT) и Circle (USDC) стейблкоин операторлору уурдалган 1,7 миллиард долларды бөгөттөгөнүн айтты.

Хакерлердин чабуулунан улам Binance компаниясы 6,3 млрд доллар жоготконун билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты