Зеленский резервдеги аскерлерди чакыруу жөнүндө жарлык чыгарды

  • 2 года мурун

Орусия Донбасска аскер киргизүү чечимин кабыл алгандан кийин Украинанын Президенти Владимир Зеленский Куралдуу күчтөрдүн резервиндеги аскерлерди мобилизациялоону жарыялады.

«Биз ыкчам түрдө украин армиясын жана башка аскер түзүмдөрүн толукташыбыз керек. Башкы кол башчы катары өзгөчө маалда резервисттерди чакыруу жөнүндө жарлык чыгардым. Кеп ыкчам резервге киргизилген жарандар жөнүндө гана болуп жатат» деди Зеленский. Ал жалпы мобилизация зарылдыгы жок экенин белгиледи.

Зеленскийдин айтымында, резервисттер украин армиясынын бардык кырдаалдарга карата даярдыгын күчтөндүрүүгө тийиш.

Буга чейин Владимир Зеленский Украина маселени тынчтык жол менен чечүүнү гана каалай турганын, бирок агрессияга да даяр болушу керектигин айткан.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин «Донецк Элдик Республикасы» жана «Луганск Элдик Республикасы» түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Буга чейин Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты