Өзбекстандын президенти декабрда Кыргызстанга келет

  • 1 год мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кийинки айда Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу Өзбекстан президенти чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери менен жолуккан учурда маалым болду.

Мирзиёевге Түштүк Кореянын элчиси Ким Хи Санг, Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын элчиси Бумедиен Геннад, Казакстандын элчиси Бейбут Атамкулов, Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Жонатан Хэник ишеним грамоталарын тапшырды.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элчисине кайрылып, «макулдашылган келишимдердин негизинде чек ара маселелерин жөнгө салуу мурун болуп көрбөгөндөй жалпы ийгилик» экенин белгиледи.

Ноябрда эки өлкөнүн парламенттери өзбек-кыргыз чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу мыйзам долбоорлорун колдогон.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер «жапырт башаламандык уюштурууга даярданган» деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты