Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарга согуштук аракеттерге катышуу кылмыш экенин эскертти
- 1 year мурун
Өзбекстандын Москвадагы элчилиги өзбекстандыктарды ыктыярдуу батальондорду түзүү же чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышуу кылмыш экенин эскертти.
Элчиликтин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Өзбекстандын Кылмыш кодексинде бөтөн аймакта ыктыярдуу батальондорго кошулуу жана согуштук аракеттерге катышуу “жалданмачылык” катары эсептелет.
Кылмыш кодексинде бул үчүн он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
“Элчилик замандаштарды чагымга алдырбай, этият болууга чакырат” деп айтылат билдирүүдө.
Күн мурун Vetta телеканалы Пермь шаарында жашаган өзбекстандыктар Украинага каршы согушуу үчүн “Амир Темир” батальонун түзүүгө ниеттенип жатканын кабарлаган.
Роликте “Пермь крайындагы Борбор Азия өзбектери коомунун” лидери дал ушундай кайрылуу жасаганы, аны залда отурган ондогон адамдар кубаттап, кол чабышканы көрсөтүлгөн.
“Биздин балдар бала бакчаларга барышат, мектептерде жана университеттерде окушат. Биз Орусияда жашап, иштеп жүрөбүз. Биз жеген наныбызды актоого милдеттүүбүз. Ыктыярдуу батальон түзүп, аны Амир Темир [Тамерлан] деп атоону сунуштайм”деген Жалолов.
Сүрөт: EPA/EFE