Орусияда өзбек диаспорасы Украинадагы согушка катышуу үчүн батальон түзүүнү сунуштады (Видео)

  • 2 года мурун

“Пермь крайындагы Борбор Азия өзбектери коомунун” лидери Жахонгир Жалолов Украинадагы согушка катышуу үчүн Тамерлан атындагы батальон түзүүнү сунушады. Анын видеокайрылуусу Vetta телеканалында жарыяланды.

«Биздин балдар бала бакчаларга барышат, мектептерде жана университеттерде окушат. Биз Орусияда жашап, иштеп жүрөбүз. Биз жеген наныбызды актоого милдеттүүбүз. Ыктыярдуу батальон түзүп, аны Амир Темир [Тамерлан] деп атоону сунуштайм» деди Жалолов.

«Коммерсант» басылмасы буга чейин Орусия аймагында согушка катышуу үчүн 40тан ашуун ыктыярдуу бөлүк түзүлгөнүн жазган.

Сүрөт: Видеодон.

Ыктыярдуу батальонго кошулгандар Орусиянын Коргоо министрлиги менен бир нече айга келишим түзүп, келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлердин расмий статусун алат. Аларга айына 130 миңден 300 миң рублга чейин төлөп берүүнү убада кылышууда. Буга чейин Согушту изилдөө институту Орусияда ыктыярчыларга каражатты төлөө кечиктирилип жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты