Өзбекстанда референдум датасы жарыялана элек, бирок даярдык кызуу жүрүүдө

  • 2 года мурун

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун так датасы расмий айтылбаганы менен өлкөнүн бардык аймактарындагы маалелерде жана ишканаларда бул иш-чарага даярдык кызуу жүрүп жатканы кабарланууда.

Аты-жөнүн айткысы келбеген ташкенттик активисттердин бири калаадагы бардык маалелердин төрагалары менен кызматкерлерин «эл референдумга келбей койсо эмне кылуу керектигине» үйрөтүп жатышканын билдирди.

«Маале жетекчилерин бир нече жума окутушту. Мааледеги аялдарды калк менен иштөөгө, эгер эл референдумга келбей койсо эмне кылуу керектигине үйрөтүүдө. Ал эмес бейтапканалардагы дарыгерлерди да окутуп жатышат. Жакында эле №63 бейтапканага барсам дарыгерлердин баары окуууда экенин айтышты. Азыр эң башкы максат – референдумду өткөрүп алуу, а ал үчүн шайлоочулардын 50% ашыгы добуш бериши керек. Референдумдун датасы расмий жарыялана элек, бирок каржы министрлиги ал иш-чараны өткөрүүгө акча бөлүп, адамдар окутула баштады. Ага имараттар да бөлүнүп берилди», – деди активист.

«Озодлик» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, референдумга даярдык көрүү иштери Навои тоо-металлургиялык комбинатында да башталды. Ал Өзбекстандын эң ири жети ишканасынын бири болуп эсептелет жана анда 46 миңден ашык киши иштейт.

Комбинаттын кызматкерлеринин бири «бардык жумушчуларды 1374 кыска номуруна чалып, президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин узартууга макул экенин айтууга» мажбурлап жатышканын билдирди.

Бирок ишкананын басма сөз катчысы Холмамат Раупов бул маалыматы четке какты. Ошол эле маалда ал комбинат кызматкерлеринин арасында референдум боюнча «ачык талкуулар» жүрүп жатканын ырастады.

Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумдун датасы азырынча расмий түрдө айтыла элек.

15-июлда Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киризүү боюнча жалпы элдик талкууну 1-августка чейин узартуу чечимин кабыл алган.

Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоору 25-июлда жарыяланып, алгач аны талкуулоого 10 күн убакыт берилген. Бирок 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда болгон окуялардан улам талкуу мөөнөтү дагы 10 күнгө узартылган.

Референдумда Мирзиёвдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, жаңы шайлана турган президенттин ыйгарым укуктарын 5 жылдан 7 жылга узартуу сунушталууда.

Конституциялык комиссиянын маалыматына караганда, талкуу башталгандан бери конституциялык реформалар боюнча калктан «85 миң сунуш түштү».

Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылы декабрда кабыл алынган. Андан бери өлкөнүн Баш мыйзамсына 16 жолу өзгөртүүлөр киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты