Каракалпакстанда жапырт нааразылык акциясы өттү

  • 2 года мурун

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында 1-июлда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы жапырт нааразылык акциясы өттү.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги бул жапырт каршылык акциясын мыйзамсыз деп эсептейт.  

Митингге катышкандар Өзбекстандын Конституциясынан Каракалпакстандын Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу тууралуу жобону алып салууга каршы болушууда.

25-июнда элге алынып чыккан долбоорго ылайык, бул аймак Өзбекстандын курамынан чыгуу боюнча референдум өткөрүү укугунан ажырап калмакчы.

Конституция долбоорунун коомдук талкуусу 5-июлда соңуна чыкмакчы.

РБКнын маалыматына караганда, 1930-жылы Карапалпак автоном облусун Казак АССРинин курамынан чыгарып, РСФСРге кошушкан. 1936-1990-жылдары Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына кирген. 1990-жылдын декабрында Каракалпак автоном республикасы мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларация кабыл алган, 1993-жылы Каракалпакстан 20 жылдык мөөнөт менен, референдум аркылуу чыгуу укугу менен Өзбекстандын курамына кирген.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты