Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болот
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 23-июнда, кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын чакан жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.
Отурум Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде өтөт.
Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 22-июнда иш сапары менен Кыргызстанга келди. Мейманды Адылбек Касымалиев «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




