Өзбекстандын эки айылы Кыргызстанга өттү, Өзбекстанга чек ара тилкесинен жер берилди
- 2 месяца мурун
Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 киши) Кыргызстанга өттү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакозов Фейсбук баракчасында билдирди.
Кыргызстанга өткөн айылдар — мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңкара жана Таш-Төпе айылдары. Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт. Эми бул айылдарда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет. Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга теңме-тең жер берди.
Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды.
“Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз» деп жазды Аскат Алагөзов.
«Ошондой эле казак элине таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы боордошторубузга сунуш бердик. Бул Алматы көчөсүнөн баштап, Кеминге чейин (болжол менен 150км) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу. Бул маселелерди саясат кылмай жок” деди Алагөзов.
Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg




