Өзбекстанда президенттикке Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин эки партия көрсөттү

  • 11 месяцев мурун
Өзбекстанда президенттикке Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин эки партия көрсөттү

«Улуттук кайра жаралуу» партиясы президенттик кызматка азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү тууралуу «Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясынын» чечимин колдойт. Мындай чечим партиянын 13-майда өткөн курултайында кабыл алынды.

«Либералдык-демократиялык партиянын буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоолордогу 237 убадасынын 143ү азыркы президенттин аракети менен ишке ашырылды. Бул боюнча партиянын бардык активдери менен кеңешип, президенттик шайлоодо «Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы» менен бирге Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин колдоону сунуштайм» деди курултайда «Улуттук кайра жаралуу» партиясынын лидери Алишер Кадиров.

12-майда «Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы» президенттик шайлоого Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алган.

Ага чейин «Экологиялык партия» өз лидери Абдушүкүр Хамзаевдин, «Элдик демократиялык партия» Улугбек Иноятовдун жана «Адолат» социал-демократиялык партиясы Робахон Махмудовдун талапкерлигин көрсөткөн.

Өзбекстанда жакында эле референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүү сунушу колдоо тапкан. Ага ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылган.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 9-июлга белгиленип, шайлоо өнөктүгү 10-майда башталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты