Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо өнөктүгү башталды

  • 12 месяцев мурун

10-майда Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо боюнча өнөктүк башталды. Мындай чечимди өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабыл алды.

Талапкерлерди көрсөтө турган партиялар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо үчүн 13-майга чейин билдирме, 15-майга чейин документтерин БШКга жөнөтүшү керек.

17-майдан 1-июнга чейин партиялар өз талапкерлерин көрсөтсө болот. Аларды каттоо документтерин кабыл алуу 2-июнда аяктайт.
Президентикке талапкерлерди каттоо 6-июнга чейин уланат.

66 жаштагы өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болуп 2021-жылы шайланган. Ал 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоодо жеңишке жетсе, бул кызматта кошумча дагы 14 жыл калууга мүмкүндүк алат.

Мирзиёев президенттик кызматка алгачкы жолу 2016-жылы, мурдагы мамлекет башчысы Ислам Каримов 78 жашында каза болгондон кийин шайланган.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты