Өзбекстанда президенттикке алгачкы талапкердин ысымы белгилүү болду

  • 11 месяцев мурун
Өзбекстанда президенттикке алгачкы талапкердин ысымы белгилүү болду

«Өзбекстандын экологиялык партиясы» президенттикке лидери Абдушүкүр Хамзаевдин талапкерлигин көрсөтөт. Мындай чечим партиянын 11-майда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.

50 жаштагы Абдушүкүр Хамзаев Самарканд айыл чарба институтун жана Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган. «Өзбекстандын экологиялык партиясына» лидер болуп шайланганга чейин партиянын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Хамзаев Өзбекстанда элге өтө таанымал саясатчы эмес. «Экологиялык партия» 2021-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары Нарзулла Абламурадовду көрсөткөн. Расмий маалыматтар боюнча анда ал шайлоочулардын 4,1% добушун алган.

Бийликтин оппоненттери мурдагы жылдардагыдай эле ал шайлоодо да учурдагы президент Шавкат Мирзиёевге чыныгы атаандаш боло турган оппозиция өкүлдөрү катыштырылбаганын билдиришкен.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 9-июлга белгиленип, шайлоо өнөктүгү 10-майда башталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты