Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 9-июлда Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат.

8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.

30-апрелде референдум өтүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.

Президенттикке элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат.

66 жаштагы өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болуп 2021-жылы шайланган. Ал 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоодо жеңишке жетсе, бул кызматта кошумча дагы 14 жыл калууга мүмкүндүк алат.

Мирзиёев президенттик кызматка алгачкы жолу 2016-жылы, мурдагы мамлекет башчысы Ислам Каримов 78 жашында каза болгондон кийин шайланган.

Сүрөт: Өзбекстан БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты