Өзбекстанда 22 киши Нукус окуялары боюнча сот жообуна тартылат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-ноябрда, Бухарада 1-2-июлда Нукуста болгон окуялар боюнча сот жараяны башталат. Өзбекстандын Жогорку соту маалымдагандай, бул иште 22 киши күнөөлөнүп жатат.

Айыпталуучуларга Өзбекстандын кылмыш кодексинин төмөндөгү беренелери боюнча айып тагылган: Атайылап денеге оор зыян келтирүү,  Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө кол салуу, каракчылык, менчиктеп алуу же коромжуга учуратуу аркылуу уурдоо, документтерди, мөөрлөрдү, бланктарды, автомототранспорттук каражаттардын мамлекеттик номердик белгилерин ээлеп алуу, жок кылуу же жашыруу, кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу, 244. Жапырт башаламандык, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо таратуу же демонстрациялоо, ок атуучу куралдарды, жардыруучу заттарды мыйзамсыз алуу, бейбаштык.

Соттолуучулардын 20сы тергөө абагында, бири – үй камагында болгон. Дагы бир киши коомчулуктун кепилдиги астында бошотулган.

Нукус окуяларын иликтеген парламенттик комиссия 107 айыпталуучу коомчулуктун кепилдиги жана гуманизм принциптеринин негизинде үй камагына чыкканын эске салды. Комиссиянын мүчөлөрү сот жараянына байкоочу катары катышат.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты