Өзбекстан Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театр имаратын реконструкциялайт

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кечээ, 1-апрелде, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан тарабынан ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. 

Аны реконструкциялоо иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталып, ишти үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда. Аткарылган иштердин сметалык наркы 5 млн АКШ долларын түзөт. Театр 500 орунга ылайыкташкан.

Кечээ, 1-апрелде,

Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду.

Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов видеоконференцбайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты