Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчылары Баткен облусунун Маргун айылында мектеп ачышты

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов видеоконференцбайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты.

330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 млн АКШ долларын түзүп, ал Өзбекстан Республикасы тарабынан бөлүнгөн.

Бүгүн, 1-апрелде, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. Өзбек өкмөт башчысын Ош эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Былтыр Өзбекстан Баткен облусунун Лейлек районундагы Самаркандек жана Маргун айылдарына мектеп куруп берери белгилүү болгон.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты