«Өзбекстан аба жолдору» Киевге каттамдарын токтотту

  • 2 года мурун

Украинанын аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу 27-февралга жана 2-мартка пландалган Ташкент-Киев-Ташкент каттамдары аткарылбайт. Бул тууралуу «Өзбекстан аба жолдорунун» басма сөз кызматы кабарлады.

Авиакомпаниянын маалыматына караганда, аталган каттамдарга билет сатып алгандар акчасын кайтарып алып же учуулар калыбына келгенден кийинки башка каттамдардын билеттерине алмаштырса болот.

Буга чейин соцтармактарда бейшемби күнү Киевден Ташкентке учкан Sky Up Airlines авиакомпаниясынын каттамы Молдованын борбору Кишиневго конууга аргасыз болгону тууралуу маалымат жарыяланган.

Мындан тышкары 24-февраль күнү эртең менен Краснодарга учкан каттам Орусиянын Ростов облусунун аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу Наманганга кайра конгону кабарланган.

Ал ортодо Өзбекстандын Киевдеги элчилиги Украинадан чыгып кетүүнү каалаган өзбек жарандарынын тизмеси түзүлүп, аларды эвакуациялоо планы иштелип чыгып жатканын билдирди.

Орусиянын армиясы 24-февралдын таңынан бери Украинанын аймактарын сокку урууда. Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. Киевге жакын жерде орус десанты жүргөнү жана Украинага аннексияланган Крымдан орус аскерлери киргени кабарланууда.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты