Өзбек бийлиги Германияда «көчөдө калган» өзбекстандык жаштардан кабар алганын билдирди

  • 10 месяцев мурун

Өзбекстандын иш менен камсыздоо жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги Turon World Cooperation агенттиги бир катар уюмдар менен бирге май-июнь айларында Германияга 102 студентти жиберип, бирок бул өлкөгө келген студенттерди иш менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралганын билдирди.

Маалыматка караганда, бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өткөн аптада блогер Никита Макаренко 300гө жакын өзбекстандык улан-кыз Германияга иштөөгө жөнөткөн фирманын “курмандыгына айланганын” билдирген. Анын айтымында, жаштарды Ferienjob программасынын алкагында (америкалык Work and Travel программасына окшош) ишке орноштурууга убада беришкен.

«Азыр алар вокзалдарда түнөшүүдө жана эмне кылуу керек экенин билбей жатышат», — деп жазган ал.

Өзбекстандын Франкфурт-на-Майнедеги Башкы консулдугу Германияга келген жарандар тууралуу маалымат түшкөнүн кабарлады. Жаштар “иш табуудагы көйгөйлөрдөн жана жетиштүү каражаттын жоктугунан» Мюнхендин борбордук вокзалында түнөгөнгө аргасыз болушкан.

“Өзбек дипломаттары “Хумо” өзбек-немис маданий коомунун активисттери менен бирге дароо жерине барып, Өзбекстандын муктаж болгон 35 жаранына керектүү жардамдарды көрсөтүштү”

Өзбекстандын Берлиндеги элчилиги жана Башкы консулдугу кырдаалды көзөмөлгө алып, тиешелүү органдар менен бирге абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатканы белгиленген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты