Германияга иштегени барган өзбекстандык студенттер көчөдө калды

  • 10 месяцев мурун

Жеке агенттиктер аркылуу Германияга иштегени барган жүзгө жакын өзбекстандык студент көчөдө калды. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, Turon World Cooperation аттуу жеке агенттик аркылуу Германияга барган студенттер үч жумадан бери Мюнхен автобекетинде түнөп жатышат. Аталган агенттик аларга Ferienjob программасынын алкагында үч айлык жумуш убадалап, бул кызматы үчүн ар бир кишиден 700-1000 доллардан алган.

«Биз 4-июндан бери станцияда түнөп жатабыз. Бизге үч айлык жумуш убадалап, айына 1000 евродон кем эмес маяна убадалашкан. Алданып калганыбызды бул жерге келгенде билдик» деди аты-жөнүн айткысы келбеген студенттердин бири.

Өз кезегинде Turon World Cooperation агенттиги Германияда көчөдө калганын айтып жаткан өзбек жарандарын бул өлкөгө жөнөтпөгөнүн билдирүүдө.

Ferienjob — чет өлкөлүк студенттерге Германияда үч айдан ашпаган убакыт иштеп кетүүгө мүмкүндүк берген бекер программа.

Өзбекстанда үч жыл мурда «Жеке ишке орноштуруу агенттиктери тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, агенттиктер өз кызматы үчүн акчаны кардарларынан эмес, аларды жумушка жалдаган чет өлкөлүк компаниялардан алууга милдеттендирилген.

Анда өзгөртүүлөр жарандарды ишке орноштуруу агенттиктеринин жана жумуш берүүчүлөрдүн алдамчылыгынан коргоо максатында киргизилгени айтылган.

2022-жылы Өзбекстанда каттоодон өткөн 100дөн ашык жеке ишке орноштуруу агенттигинин дээрлик жарымынын лицензиясы кайра алынган. Ондон ашык компанияга каршы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты