Германияда эне-бала борборунда ок атылып, 6 киши каза тапты

  • 1 месяц мурун

Германиянын түндүгүндөгү эне жана бала борборунда ок атылып, 6 адам каза тапты. Шектүүлөр кармалганы кабарланды.

Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.  

Германиянын Штаде шаарынын эне жана бала борборунда ок атылып, алты адам каза тапты, бирөө ооруканадан көз жумду. Каза тапкандар ошол мекеменин кызматкерлери болчу.

Полиция 45 жаштагы шектүүнү кармады, ал Германиянын жараны, үч айлык ымыркайды багуу маселеси боюнча кайрылган. Шектүү менен кошо дагы бир аял кармалган, ал таанышы же тууганы деп божомолдонууда. Аял шектүү киши качып кетүүгө аракеттенген унааны айдап жүргөн.   

Укук коргоо органдары башка жагдайларды ачыктаган эмес.

Штаде шаары Гамбургдан 50 чакырымдай алыста жайгашкан. Анда 50 миңдей киши жашайт.    

Сүрөт: Reuters    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты