Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу менен уруксатсыз алектенгендер аныкталды

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери менен брдикте Кыргызстандын жарандарын Дания жана Германияга мыйзамсыз ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган биргелешкен текшерүү иш-чарасын жүргүзүштү.

“Asia Consult Visa” компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырып келгени аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине («Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк») ылайык административдик протокол түзүлдү.

Агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун расмий сайттан текшерүүгө болот: https://migrant.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты