Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” фестивалы ачылат
- 12 месяцев мурун
Мурда маалымдалгандай, 20-22-июль күндөрү IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын «Мейкин Азия» фестивалы өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги илдирди.
Маалыматта айтылгандай, фестиваль Азия менен Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн келген таланттуу артисттерди дагы бир жолу чогултат. “Мейкин Азия” эл аралык Ысык-Көл фестиваль — бул жаш таланттарды таанытуу жана колдоо максатында уюштурулган.
Ал маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин 2013-2015-2023-жылдары өтсө, быйыл төртүнчү ирет өтүү алдында турат. Белгилүү болгондой бул иш-чара Кыргызстанда гана өткөрүлөт.
Фестивалдын ардактуу коноктору I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болот.
“Мейкин Азия” — дүйнө элдеринин ортосундагы маданий көпүрө катары кызмат кылган эл аралык музыка фестивалы. Аталган фестиваль музыкалык мурастарды жана улуттук салттарды өнүктүрүү, жаңы таланттарды таанытуу, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлиги




