Ысык-Көлдө өтчү “Мейкин Азия” фестивалына Димаш Кудайберген мейман катары катышат
- 11 месяцев мурун
20–22-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын “Мейкин Азия” фестивалы өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестивалга дүйнөнүн 25тен ашуун өлкөсүнөн келген таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат. Ар бир сынак күнү Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын концерти менен коштолот.
Концертке катышуучулар: Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан жана ERA.
Фестивалдын ардактуу коноктору:
“Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, азыркы учурдагы популярдуу “Ay-Yola” тобу жана Sevak.
Билеттерди онлайн сатып алууга болот.
“Мейкин Азия” — дүйнө элдеринин ортосундагы маданий көпүрө катары кызмат кылган эл аралык музыка фестивалы. Аталган фестиваль музыкалык мурастарды жана улуттук салттарды өнүктүрүү, жаңы таланттарды таанытуу, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.




