“Мейкин Азия”: Эл аралык музыкалык фестивалга катышуучуларды тандоо башталды

  • 3 недели мурун

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Мейкин Азия” IV Ысык-Көл аткаруучуларын эл аралык фестивалына Кыргыз Республикасынан катышуучуларды тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт.

Өтүнмөнү кабыл алуу 2025-жылдын 18-июнунан 4-июлуна чейин жүргүзүлөт. Сынакка катышууну каалаган профессионал жана эл арасына кеңири таанылган аткаруучулар өзүнүн өтүнмөсүн [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү керек. Катышуу формасын Маданият министрлигинин расмий сайтынан жүктөп алууга болот.

“Мейкин Азия” — дүйнө элдеринин ортосундагы маданий көпүрө катары кызмат кылган эл аралык музыка фестивалы. Аталган фестиваль музыкалык мурастарды жана улуттук салттарды өнүктүрүү, жаңы таланттарды таанытуу, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Байланыш телефондору: 0312 88-69-33 – Улуттук маданий борборунун элдик чыгармачылык бөлүмү; 0312 66-11-28 – искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгы.

Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты