Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов камалды

  • 11 месяцев мурун

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу чечимди 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Ага кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Жапарбек Ормоновго кылмыш ишин ички иштер министрлигинин тергөө кызматы козгогондугу маалым болду.  

Жапарбек Ормонов Ысык-Көл районуна аким болуп 2023-жылдын август айында дайындалган. Буга чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ош шаарынын вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ат салышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты