Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды
- 1 year мурун
Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлаганын “Азаттык” жазды.
Бүгүн, 9-августта, Жапар Ормонов шаарлын мэриясынын жамаатына тааныштырылды жана кызматка киришти.
Буга чейин шаардын мэри кызматын Бердибек Иманбеков аркалаган.
49 жаштагы Ормонов буга чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен ат салышкан.
Сүрөт: Социалдык тармактан.
Муну бөлүшүү