Ысык-Көл форуму: Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: Келечекке бирге!

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн “Ысык-Көл форумунун” ачылыш аземине катышты. 

Садыр Жапаров адамзаттын глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов демилгелеген бул иш-чаранын конокторун жана катышуучуларын куттуктады. 

“Бүгүн Чыңгыз Айтматов баштап кеткен ошол интеллектуалдык жөрөлгөнү улай, “Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: Келечекке бирге!” урааны астында өткөрүлүп жаткан Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилеп турабыз”деди президент.

Форумду белгилөө бул Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы жаңы цивилизациялык диалогду түзүү, бүгүнкү күндүн курч чакырыктарына: климаттык кризистин алдын алуу, жасалма интеллекттин чектен тыш колдонулушун тизгиндөө, дегеле адамдык бийик парасаттын сакталып калышына бирдиктүү интеллектуалдык жооп издөө мүмкүнчүлүгү. 

“Мындай шартта, бүгүнкү күндө кандай жол менен болсо да, көздөгөн максаттарына жетүүгө умтулган саясатчылардан айырмаланып, “калем кармаган” интеллектуалдар дүйнө элине кандай багыт бере алат? Мындай ары жөнөкөй, бирок ары салмактуу суроого көпчүлүк жооп издеп, жол таба албай турган мезгил” деп белгиледи мамлекет башчы. 

Садыр Жапаров жөн гана талкуу аянтчасын уюштуруудан алда канча кенен болгон Ысык-Көл форумунун терең миссиясын баса белгиледи. 

“Бүгүн биз адамдын экосистемага тийгизген зыянын моюнга алуубуз зарыл. Табият менен кайрадан камыр-жумур, сый мамилеге келишибиз керек. Бул багытта Кыргызстан дүйнөлүк алкакта тоо экосистемасын сактап калуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелерде эл аралык коомчулукка катуу коңгуроо кагып жаткандыгын кошумчалай кетейин» деп белгиледи президент. 

Мамлекет башчы ушул жолугушуунун алкагында ушу тапта дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштарга жана экологиялык кризиске каршы адамзатка багытталган глобалдык чакырыктар жасаларына, өлкөлөр ортосундагы чыр-чатактарга карата эл аралык уюмдарды мобилизациялоо платформасын түзүү, жасалма интеллектти адамзаттын бакубатчылыгы үчүн гана пайдалануунун жолдорун табуу сыяктуу глобалдык маселелер талкууланат деген үмүтүн артты. 

Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров бүгүн дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келген форумдун катышуучулары адамзаттын келечеги жана анын туруктуу өнүгүү жолдору жөнүндө кеп салышат деген ишенимин билдирди. 

“Ошондо гана “Ысык-Көл форуму” ар кандай согуштук апааттардан жана экологиялык кризистерден чарчаган адамзатка жаңы үмүт, жаңы багыт бере алат деген бекем ишеним жаралат. Ошондо гана сиздер сыйлаган, дүйнө эли сыймыктанган гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүдөөсү, максат-тилектери орундалмакчы” деди Жапаров. 

Ысык-Көл форумуна Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, кытай адабиятынын классиги Ван Мэн, дүйнөгө белгилүү тарыхчы жана эксперт Питер Франкопан, кинорежиссер Али Хамраев, белгилүү сүрөтчү жана арт-менеджер Василий Церетели, ошондой эле Азия жана Европанын көптөгөн башка белгилүү маданият жана илимий ишмерлери катышууда. 

Медиафорумдун ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегацияларынын 25тен ашуун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 60тан ашуун өкүлү катышууда.

Арслан Койчиевге президенттин Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлүнүн статусу берилди.

Ысык-Көл интеллектуалдык форуму Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы уюштурулган. 

2026-жылдагы юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санариптештирүүнүн реалдуулуктарына ылайыкташтыруу. Форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты