Манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун ачылыш аземи өттү
- 18 часов мурун
- Жаңылыктар
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун ачылыш 13-октябрда аземи өттү.
Иш-чарага президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, Маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Аземде маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков Уркаш Мамбеталиевдин улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана манасчылык өнөрдү даңазалоого кошкон салымын белгиледи.
Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. 1962-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылдык чыгармачылык өмүрүн кыргыз элинин руханий мурасын жайылтууга арнаган.
Уркаш Мамбеталиевдин бюстун скульптор Тамила Маматова жасаган.

Бюсттун сүрөтү: Маданият министрлиги
Уркаш Мамбеталиевдин сүрөтү: Интернет булактарынан




