Арслан Койчиев Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо боюнча президенттин атайын өкүлү болду
- 1 месяц мурун
Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиевге президенттин Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлүнүн статусу берилди.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.
“Арслан Койчиевге чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, эл аралык уюмдарды, чет элдик маданияттын, искусствонун, илимдин кадыр-барктуу өкүлдөрүн, коомдук ишмерлерди, иштин башка чөйрөлөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүн жогоруда аталган форумга чакыруу жана алардын катышуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды координациялоого ыйгарым укук берилди” деп айтылат маалыматта.
Улуу гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген «Ысык-Көл» эл аралык форум Кыргызстанда 2026-жылы июнь айында белгиленет.
Сүрөт: Интернет булактарынан




