“Талас-Арена”стадионунун ачылышы өттү
- 3 часа мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас шаарындагы жаңы “Талас-Арена” борбордук стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
“Талас-Арена” стадиону таластык “Азия” футбол клубунун машыгуучу стадиону болот.
Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, стадиондун курулушу Талас облусунда футболду өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болгонун айтты.
Мамлекет башчы стадионду “Азия” клубунун башкаруусуна өткөрүп берүү жана машыгуу үчүн пайдаланууга берүү аймактагы футболдун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним артты.
Президент Садыр Жапаров “Азия” клубунун негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго аймакта футболду өнүктүрүүгө багытталган демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, ага символикалык түрдө топ жана автобустун ачкычын тапшырды.
Иш-чара “Азия” жана “Талант” клубдарынын ортосундагы футболдук беттеш жана салют менен аяктады.


Сүрөттөр: president.kg




