6 жыл ичинде 1075 имарат курулган

6 жылдын ичинде 1 075 ушундай имараттарды, объекттерди курган болсок, ошонун бири  — мына бүгүнкү ушу «Бишкек Арена» стадиону. 5-октябрда президент Садыр Жапаров 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышындагы сөзүндө билдирди.

Мамлекет башчы 6-октябрда президенттин командасы бийликке келген күндөн бери алты жыл өткөнүн белгиледи.

«6 жылдын ичинде 1 075 ушундай имараттарды, объекттерди курган болсок, ошонун бири  -мына бүгүнкү ушу «Бишкек Арена» стадиону. 1075 имараттын ичинде бул мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Андан сырткары 521 завод-фабрика куруптурбуз»- деди Садыр Жапаров.

Cтадион ачылганга чейин «аны куруунун ордуна завод же фабрика курган жакшы болмок» деген ар кандай пикирлер айтылганына токтолгонун кошумчалады.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 187 млрд сом өлчөмүндөгү оң көрсөткүч менен аткарылган. Биздин ички дүң продукциябыз 21-жылдын аягында өсө баштаган. 9%дан кем эмес, мына 4-5 жылдан бери токтобой өсүп келгенин белгиледи.

Муну эмне үчүн айтып жатам. Анткени кээ бир массалык маалымат каражаттары жазып айтып жатышпайбы өздөрүнүн ой-пикирлерин: «2022-жылы Россия менен Украинанын ортосунда согуш болуп кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын экономикасы экспорт кылып өсүп жатат» — деп. Жок, андай эмес. 2021-жылдын аягын карагыла, ошондон бери түшпөй келет.Биз экономикабызды криминалды жок кылгандан, коррупцияны жок кылып жаткандан — 100% жок кыла албасак дагы, күрөшүп жатабыз, жок кылабыз аягына чейин — мына ошонун пайдасынан экономикабыз ушунтип өсүп жатат », — деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Ал экономиканын өсүшү биринчи кезекте кылмыштуулукту жоюу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты