“Ысык-Көл” аэропортунун тосмо дубалынын кулашы: Подрядчы ишкана өз эсебинен кайра ордуна коет    

  • 1 год мурун

Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунун тосмо дубалы кулап калганы боюнча президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди.

-«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун айланасын тосуу  боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. 2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган.

Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет.

Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз, -деди Орунбеков.

18-мартта катуу шамалдан кийин Ысык-Көл облусунын Тамчы айылындагы эл аралык “Ысык-Көл” аэропортунун жаңы салынган узун тосмосу кулап калган.

Президент Садыр Жапаров эки ай мурун «Ысык-Көл» аэропортуна жумушчу сапар менен барган. Анда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалып жатканы айтылган. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Азыр жаңы комплекстин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат. 

Ошондой эле, аэропорттун аймагын кеңейтүү, кошумча тосмо орнотуу, селден коргоо үчүн жаңы курулмаларды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы тууралуу сөз болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты