Катуу шамалдан улам Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунун жаңы тосмосу кулап калды
- 3 months мурун
- Видео
18-мартта катуу шамалдан кийин Ысык-Көл облусунын Тамчы айылындагы эл аралык “Ысык-Көл” аэропортунун жаңы салынган узун тосмосу кулап калды.
Ошондой эле катуу шамал жол боюндагы чоң теректерди да кулатканын жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаров эки ай мурун «Ысык-Көл» аэропортуна жумушчу сапар менен барган. Анда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалып жатканы айтылган. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Азыр жаңы комплекстин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат.
Ошондой эле, аэропорттун аймагын кеңейтүү, кошумча тосмо орнотуу, селден коргоо үчүн жаңы курулмаларды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы тууралуу сөз болгон.
Сүрөт: Социалдык тармактан.