Ысык-Атадагы убактылуу жайдан качып кеткен оор кылмышка шектүү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Ысык-Ата-райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен жаран Бишкек шаарынан кармалды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектүү жаран изделип жаткан.

ИИМдин маалыматы боюнча, изделген жаран “Адам уурдоо”, “Каракчылык”, “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Адам өлтүрүү” беренелери менен айыпталууда. Кылмышка шектүү жүрөгү ооруганын айтып, нөөмөткер-милиционерден жардам сураган. Ал дары алып келгенде шектүү ага кол салып, мойнуна бычак такап, колун кишенге салып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты