Ысык-Ата райондук ИИБ убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен жаран изделүүдө

  • 11 месяцев мурун

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектүү жаран изделүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, изделген жаран “Адам уурдоо”, “Каракчылык”, “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Адам өлтүрүү” беренелери менен айыпталууда. Кылмышка шектүү жүрөгү ооруганын айтып, нөөмөткер-милиционерден жардам сураган. Ал дары алып келгенде шектүү ага кол салып, мойнуна бычак такап, колун кишенге салып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Милиция аталган жаранды билген же көргөндөр болсо 102 номуруна чалып коюуну суранат.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты