Ырысбек Жолдошбаев: Бала боюн таштаган курулушта коопсуздук торлору болгон эмес

  • 3 года мурун

Курулуш имаратынын 9-кабатынан боюн таштап, өз жанын кыйган жарандын окуясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев 28-октябрда билдирүү жасады.

-Боюн таштамакчы болгон жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ал өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирип, кызматкерлерди жанына жолотпой койду.

Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган.

Биз альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон.

Социалдык тармактарда «батут орнотуп койсо болот эле» дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Мынчалык бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес.

Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес.

Мындан сырткары, ар кандай ньюанстар бар. Эгерде биз жакындап барганда, секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак.

Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок,- деп билдирди Ырысбек Жолдошбаев.

 Кечээ, 27-октябрда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жаңы курулуп жаткан курулуштан боюн таштоого камынып жаткан жаранды  оюнан кайтууга чакыруу аракетин төрт саат бою көрүп келгени маалым. Бирок ал аракеттерге карабастан, ал жаран секирип кетип, “Тез жардам” ооруканага алып бараткан жолдо каза тапкан.

Архикдик сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты