Бишкекте көп кабаттуу үйдөн жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылууда

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Байтик-Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн 9-кабатынан 1999 ж.т. Т.М. аттуу жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.
Ал жерге ӨКМдин куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.  

Учурда көп кабаттуу курулуштун, болжол менен 9-кабатында турган жарандын оюнан кайтаруу аракеттери жүрүп жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал кишинин эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы тууралуу маалымат такталып жатканы кошумчаланды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты