Көп кабаттуу үйдөн секирген улан каза тапты

  • 3 года мурун

Жаңы курулуп жаткан көп кабатттуу үйдөн секирген жаран ооруканага алып бараткан жолдо каза болуп калды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБден ЖМКга билдиришти.       

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жаңы курулуп жаткан үйдөн секирүүгө камынып жаткан жаранды ал оюнан кайтууга чакыруу аракетин көрүп келгени маалым.

Бирок ал аракеттерге карабастан, улан секирип кетип, “Тез жардам” ооруканага алып бараткан жолдо каза тапкан.

Анын бул кадамга барышынын себептери иликтенүүдө.   

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты