Ырчы Аскат Жетиген айла кеткенде бийликтегилерге ачуу сөздөрдү айтканын билдирди

Ырчы, активист Аскат Жетиген айла кеткенде бийликтегилерге ачуу сөздөрдү айтканын жана аны кылмыш деп эсептебей турганын билдирди.

-Мен муну кылмыш деп эсептебейм. Анткени буга чейинки убакытта көп жолу ишти сылык-сыпаа алып барууга аракеттенип келгем. Күбөлөр дагы бар. Ошолор тастыктап бере алат. Менин катуу сөздөрүм бул айла кеткендеги иш, -деди Аскат Жетиген.  

Бул тууралуу ырчы бүгүн, 18-мартта, журналисттерге билдирди. Анын сот иши жабык каралып жатат.

Аскат Жетиген ошондой эле айыпты мойнуна аларын, бирок аны кылмыш деп эсептебей турганын кошумчалады.

Ырчы, акын, активист Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 16-мартта кармалган жана 48 саатка камалган

Адвокат Венера Буудайбекованын айтымында, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Ырчы Аскат Жетиген айла кеткенде бийликтегилерге ачуу сөздөрдү айтканын билдирди

Аскат Жетиген белгилүү акын, комузчу. 18 жашында фольклордук-этнографиялык “Ордо сахна” ансамблин жетектеп, 20дан ашык өлкөлөрдө гастролдо болгон.

2021-жылдан бери ал азыркы бийликти сындап келген, анын ичинде кумар оюндарын легалдаштыруу, мамлекеттик туунун өзгөртүлүшү боюнча.

Соңку жолу ал президенттин 14-мартта берген маегин кескин сындап, уят сөздөрдү да колдонгон.

Сүрөттөр жана видео: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты